Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүн

түзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга массалык тартуу, ошондой эле “Газпром-балдарга” долбоору боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин толук кандуу иштөөсүн камсыздоо, аны күтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү - “Газпром-балдарга” дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекси” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
  2. “Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:

а) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамы тарабынан каралган тийиштүү иш-чаралар комплексин жүргүзсүн;

б) Бишкек шаардык кеңештин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине чектелген буюм укуктарды берүү тартиби жөнүндө" жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык бул объект боюнча иш жүргүзсүн;

в) Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамына ылайык, дене тарбия жана спорт объекттеринин реестрине “Газпром-балдарга” дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекси” муниципалдык ишканасынын имаратын киргизсин;

г)  “Газпром-балдарга” дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекси” муниципалдык ишканасынын жайларын жана анда жайгашкан  инвентарларды  субижарага берүүгө тыюу салсын.

         3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына                               (Г. А. Молдобаева) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        К. Б. Музуралиев