Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

«Бишкек этконсерва комбинаты» МАКсынын

бала бакчасынын имаратын муниципалдык

менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, кыймылсыз мүлктүн азыркы турган объекттерин натыйжалуу пайдалануу, шаардыктарды мектепке чейинки балдар мекемелери менен камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2016-жылдын 6-майындагы № 09-2030 сунушун карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Имараттын аянты 1096,7 чарчы метр, жалпы аянты 6658,0 чарчы метр жер участогу менен Чокморов кѳчѳсү, 253тѳ жайгашкан, «Бишкек этконсерва комбинаты» МАКсынын бала бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Конгантиев К. К.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри  Э. З. Зарлыковго жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                              К. Б. Музуралиев