Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
Бишкек шаарында катуу тиричилик
таштандыларды иштетүү системасын
жакшыртууга гранттык  жана кредиттик
каражаттарды тартууну  жактыруу жөнүндө
 
 
         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу, айлана чөйрөгө таштандылардын зыяндуу таасирин кыскартуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
 
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаарынын мэриясына Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды иштетүү системасын жакшыртууга 22,0 млн. евро (анын ичинде 11,0 млн. евро грант жана 11,0 млн. евро кредит)  суммадагы каражаттарды тартууга макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө макулдук берилсин.
2.                Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
-                     Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууга макулдашууларды, ошондой эле тийиштүү карыздык милдеттенмени кол коюу боюнча ишти жүргүзсүн;
-                     берилүүчү гранттык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну, каралган иш-чаралардын өз убагында аткарылышын жана каралган пайыздарды эске алуу менен алынган кредитти төлөөнү камсыз кылсын;
-                     Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европалык банкынын линиясы боюнча гранттык жана кредиттик каражаттарды өздөштүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тобунун курамын Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;
-                     баштапкы этаптагы бардык инвестициялык долбоорлорду Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин.
3.                Гранттык жана кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнү деталдуу талдап чыгуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан экиден өкүлдүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топ түзсүн.
4.                Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кол коюлуучу гранттык жана кредиттик каражаттарды тартууга макулдашуу жеке бизнес сыяктуу эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн да катышуусун чектебөөсү тийиш экендиги белгиленсин.
5.                Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар  жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясы “Тазалык” МИсинин өндүрүштүк-чарбалык ишин талдоону уюштурсун.
6.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана  инвестициялар боюнча туруктуу  комиссиясына (П. Н. Десятников), бул кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнүн мыйзамдуулугу жана экономикалык натыйжалуулугу маселелери боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М. А. Исмаиловго жана катуу тиричилик таштандыларды   ташып  чыгаруу  жана утилизациялоо маселеси боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге  жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
8-май 2013-жыл, №23