Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

 
“Кайыңдуу токойго” шаар курулуш
ишинен бош, кичи райондук маанидеги
бак статусун берүү жөнүндө
 
         “Республика” фракциясынын жана “КСДП” фракциясынын депутаты А. М. Кененбаевдин Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” статус берүү маселеси боюнча кайрылууларына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 6-февралындагы    № 16 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматын угуп чыгып, жашыл мейкиндиктерди сактоо, аларды кесүүгө жана санкцияланбаган курулушка жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
 
1.    Бишкек шаарынын сейил бактарынын жана гүл бакчаларынын аймагындагы жерлерди пайдалануу маселелерин талдап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары К. К. Конгантиевдин маалыматы эске алынсын.
2.    Бишкек шаарынын № 6 - кичи районунда жайгашкан “Кайыңдуу токойго” шаар курулуш ишинен бош, кичи райондук маанидеги бак статусу берилсин.
3.    Бишкек шаарынын мэриясы бактын чегин белгилесин, белгиленген тартипте тийиштүү документтерди жол-жоболоштурсун жана кичи райондук маанидеги “Кайыңдуу токой” багын “Жашылдандыруу курулушу” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берсин.
4.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У. Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.
Төрага                                                                                 М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №27