Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин токтому

Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын
2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек
шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-
жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
       Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн, жумушчу комиссиялардын чечимдерин эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 12 “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2014-2015-жылдарга карата божомолу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттагы “6 509 218,8”, “4 407 622,6”, “542 616,4”, “541 243,6”, “489 934,7”, “527 801,5” деген сандар тийиштүү түрдө “6 544 218,8”, “4 439 638,1”, “543 918,8”, “540 410,4”, “493 158,4”, “527 093,1” деген сандарга алмаштырылсын;
б) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү” 1, 1-1 тиркемелери бул токтомдун 1, 1-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
в) “2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгү” 2, 2-1 тиркемелери бул токтомдун 2, 2-1-тиркемелери менен алмаштырылсын;
г) 17-пункттун 6-подпунктунан “2013-жылдын 1-июнуна чейин” деген сөздөрү алынып салынсын;
д) 26-пункттагы “г)” подпункту алынып салынсын;
  
е) токтом төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын:
“26-1. Бишкек шаардык кеңештин жогорудагы жумушчу комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бекиген бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү карап чыгуу сунушу менен 2013-жылдын 20-ноябрына чейинки мезгилде кайрылсын”;
ж) 30-пункттун “д)” подпунктундагы “Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын чыгымдары” деген сөздөрү алынып салынсын;
з) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык анализи, Бишкек шаардык өз алыдынча башкаруусунун резерв фондусу жөнүндөгү жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын финансы-чарбалык ишмердигинин инвентаризациясы жана анализинин жыйынтыгы жөнүндөгү суроолорду изилдеп чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү максатында түзүлгөн жумушчу комиссиясынын иши бүткүчө 30-пункттун “д)” жана “е)” подпункттарынын аткарылышы токтотулсун;
и) 30-пункт төмөнкү мазмундагы подпункттар менен толукталсын:
“р) Бишкек шаарындагы Герман Гмайнер SOS-орто мектебинин, SOS-Балдар айылы бала бакчасынын уюмдаштыруучулук документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туураланышы камсыздалсын. Жыйынтыктары жөнүндө кезектеги сессияда маалымдалсын;
с) милициянын участкалык пункттарынын (МУП) жайгашуу жерлери аныкталсын.”
2.   Бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык чыгашалардын негизги топтору жана кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри И. Ш. Өмүркуловго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                              М. А. Аманкулов
 
Бишкек ш.,
6-июнь 2013-жыл, №25