Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому
 
Бишкек шаардык кеңештин депутаттык комиссиясынын
Социалдык тамактануу департаментинин иштөөсүн
жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун
натыйжалуулугун талдоо боюнча ишинин жыйынтыгы
жөнүндө
 
         Башкаруунун функционалдык тутумун жана Социалдык тамактанууну уюштуруу маселелери боюнча бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну түзүү, билим берүү, социалдык жана дарылоо мекемелериндеги сатып алуу жана тамактанууну камсыздоонун кызмат көрсөтүүлөрү  боюнча тендердик процедураларды өткөрүүнүн максималдуу ачыктыгын камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.                Бишкек шаарынын мэри (Омуркулов И. Ш.):
-                     Сатып алуу жана тамактанууну уюштуруу процедураларын өткөрүү үчүн жооптуу кызматтык жактардын жоопкерчилик чараларын аныктасын;
-                     Бишкек шаардык кеңештин жумушчу комиссиясынын материалдарын тийиштүү укук коргоо органдарына жиберүү зарылчылыгын карап чыксын;
-                     Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясына көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.  
2.                Шаардык финансы башкармалыгы (Зарлыков Э. З.) 2013-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө:
-                     тамактануу боюнча кредитордук карызды жоюу графигин даярдасын;
-                     кызмат көрсөтүү жана тамак-аш продуктыларын жеткирүү боюнча векселдик төлөө схемасын иштеп чыксын.
3.                Бишкек шаарынын мэриясынын атаандаштык саясат башкармалыгы (начальниктин милдетин аткаруучу Осоев Д.) 2013-жылдын 2-майына чейинки мөөнөттө:
-                       тамактанууну уюштуруу (мектеп ашканаларынын ижарачылары) боюнча кызмат көрсөтүүгө тендер өткөрүү боюнча процедураны Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирсин.
-                     тендердик комиссиянын курамына жарандык сектордун өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө маселени карап чыксын.
4.                 Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (Тагаева Г. А.), Бишкек шаарынын СЭКМБ (Мамасадыков Н. М.) 2013-жылдын 2-майына чейинки мөөнөттө мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде   балдардын ысык тамактануусун уюштуруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын (Докенов Э. Ш.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын (Токтосартов К. А.) кароосуна берсин.
5.                Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Токтосартов К. А.) жүктөлсүн. 
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №21