Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Бишкек шаардык кеңештин токтому 
 
Бишкек шаардык кеңештин айрым
токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү
 жөнүндө
 
         Бишкек шаардык кеңештин токтомдорун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ  КЫЛАТ:
 
1.                Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун жана анын тиркемелеринин бардык тексти боюнча “аймактык депутаттык топ” деген сөздөр бардык жөндөмөлөрдө алынып салынсын;
б) Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 114 токтомунун 4-тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 21-декабрындагы № 267 “Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” токтомунун 4-тиркемеси бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 11-мартындагы № 220 “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча материалдарды жана сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы жөнүндө” токтомунун тиркемеси бул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
4. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 20 “Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдү үлүштүк куруу тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомунун 4-пунктундагы “Ар бир аймактык депутаттык топтон шаардык кеңештин бирден депутаты” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясынан бирден депутат” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-июнундагы № 75 “Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө”  токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары жөнүндө” жобонун 29-пунктундагы:
а) “Бишкек шаардык кеңештин биргелешкен токтому менен” деген сөздөр алынып салынсын;
б) “мэриянын” деген сөздөн кийин “токтому менен” деген сөз кошулсун.
6. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүлөрдү жана Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөнү кароо боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун жана анын тиркемелеринин бардык тексти боюнча “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеши” деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
б) 2.2-пунктундагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин биргелешкен токтому менен” деген сөздөр алынып салынсын;
“мэриянын” деген сөздөн кийин “токтому менен” деген сөз кошулсун.
в) 2.3-пунктундагы “Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары” деген сөздөр алынып салынсын, “чөйрөнү” деген сөздөн кийин Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат” деген сөздөр кошулсун;
г) 2.6-пункт алынып салынсын.
7. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 382 “Муниципалдык менчиктин объекттеринин тиешелүүлүгү маселесин талдоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) 1-пункттун 5-абзацындагы “Муниципалдык менчик жана жер маселелери” деген сөздөр “муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пункттун 7-абзацындагы “Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондорунун аймактык депутаттык топторунан экиден депутат” деген сөздөр “8 депутат” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “кеңештин” деген сөздөн кийин “(фракциялары менен макулдашуу боюнча)” деген сөздөр кошулсун;
в) 1-пункттун 8-абзацындагы “мандат, регламент, этика, укук маселелери, жарандардын кызыкчылыгын коргоо жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча” деген сөздөр “регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 1-пункттун 9-абзацындагы “уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдары менен иштөө боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 1-пункттун 14-абзацы  алынып салынсын.
8. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жана “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезегин түзүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө” жобонун 3.2-пунктундагы “Райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси” деген сөздөр “Ар бир фракциядан Бишкек шаардык кеңештин депутаты” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын топтомун бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген  “Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндө” жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 15-пункттун е) пунктундагы “аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “же аймактык депутаттык топтун демилгеси боюнча” деген сөздөр алынып салынсын;
б) 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын суроо-талабы боюнча МАБлар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет”.
10. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 232 “Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №151 “Муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулардын ишин мындан ары жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларынын топтомун бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 8-пункттагы “аймактык депутаттык топ менен” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 13-пункттагы “65 жаштан улуу эмес” деген сөздөр алынып салынсын;
в) 14-пункттагы “аймактык депутаттын топтун депутаты” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 21-пункттун б) пунктундагы “райондук аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 22-пункттун б) пунктундагы “райондук аймактык депутаттык топ тарабынан” деген сөздөр “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
а) 1995-жылдын 14-июнундагы № 23 “Аймактык депутаттык топтор жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”;
б) 2011-жылдын 20-декабрындагы №295 “Бишкек шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, миссиялардын жана миссионерлердин маселелерин кароо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө”.
Бишкек шаардык
кеңештин төрагасы                                                           М. А. Аманкулов
 
Бишкек шаары,
2-апрель 2013-жыл, №20