Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө

 

Москва шаарынын Геральдикалык советинин төрагасынын орун басары Н. Ефимовдун И. Д. Кобзонго “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсүн берүү жөнүндө кайрылуусуна байланыштуу, Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 19-мартындагы №311 “Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын Белгисинин, Грамотасынын, күбөлүгүнүн жана Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Китебинин жоболорун жана баяндоолорун бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Иосиф   Давыдович Кобзонго “Бишкек шаарынын Ардактуу жараны” наамынын  ыйгарылгандыгы ырасталсын.

 

  1.  Бишкек шаарынын мэриясы И. Д. Кобзонго Бишкек шаарынын Ардактуу жаранынын регалийлерин даярдоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Төрага                                                                        А. М. Кененбаев

 

Бишкек шаары,

23-март 2016-жыл, №182