Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

"Жашылкурулуш" муниципалдык ишкананын отчёту жөнүндө

 

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы 2016-жылдын 26-февралында Медеров-Элебаев, Медеров-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсүндө жана Чүй проспектинде массалык кыюу жүргүзүлгөн жерге комиссиялык барууну жүргүздү. Жашыл бак-дарактарды кесүү "Жашылкурулуш" муниципалдык ишкананын (мындан ары - "Жашылкурулуш" МИ) уруксаты боюнча жүргүзүлгөн.

Маселени кароонун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында көп санда жалбырактуу жана ийне жалбырактуу ири көлөмдүү бак-дарактарды (кара жыгачтар, арчалар, бадалдар, теректер) мыйзамсыз кесүү фактылары табылды.

Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тарабынан бактарды, бадалдарды, кара бактарды мыйзамсыз кыюуда контролду күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жашылкурулуш" МИнин 2015-жыл үчүн отчёту эске алынсын.

2. "Жашылкурулуш" МИнин 2015-жыл мезгили үчүн иши канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

3. Бишкек шаарынын аймагында бак-дарактарды массалык кесүү менен байланышкан тартип бузуулардын, Бишкек шаардык кеңештин кабыл алган токтомдорунун, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жазма буйруктарынын аткарылбагандыгынын негизинде, "Жашылкурулуш" МИнин директору А.М.Атантаевдин ээлеген кызмат орунунун ылайыктуулугу каралсын.

4. Медеров-Элебаев, Медеров-Матросов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Гоголь көчөсүндөгү жана Чүй проспектиндеги бак-дарактарды кыюу боюнча материалдар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматтык адамдарынын иштерине укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлсүн.

5. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) бак-дарактарды кыюуга түздөн-түз тиешеси бар "Жашылкурулуш" МИнин кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап чыксын;

б) 2014-2015-жылдар мезгилине "Жашылкурулуш" МИнин бюджеттик жана чарбалык эсептик каражаттардын пайдаланылышы, ошондой эле, муниципалдык ишкананын 2016-жылга бюджетинин түзүлүүсү боюнча анализ жүргүзсүн;

в) Бишкек шаарынын жашыл чарбасын өнүктүрүү концепциясын жана жашылдандыруу башкы планын иштеп чыксын;

г) Бишкек шаардык кеңешке ай сайын көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын мэри А.С.Ибраимовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

А. М. Кененбаев

Бишкек шаары,

2016-жылдын 23-марты, №179