Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кенештин

туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө"

токтомунун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесин, Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ата-Мекен" фракциясынын мүчөсү - Эргешов Казыбек Кочкорович Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы № 5 "Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 5-пунктуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

"Салиев Союзбек Сатыбалдиевич" деген сөздөр "Эргешов Казыбек Кочкорович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

Бишкек шаары,

27-февраль 2016-жыл, № 174

 

 

А. М. Кененбаев