Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

 

“Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашууну; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 157-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын түштүк аймагын суу менен жабдуу жана агынды сууларды бөлүштүрүү системаларынын инженердик инфраструктурасы менен камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө кредит алуу жактырылсын.

 

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайыздарын жоюу булагы болуп,  жаңы курулуш объектилерин курулган суу менен жабдуу жана канализация тармактарына кошууга Бишкек шаарынын түштүк аймагынын куруучуларынан алынган каражаттар аныкталсын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндөгү кредитти  жана пайыздарын,  бюджеттик каражаттарды тартуусуз, анын ичинде Бишкек шаарынын түштүк аймагынын куруучуларынын каражаттарынын эсебинен жоюуну камсыз кылсын;

-долбоорду ишке ашырууда кредиттик каражаттардын кайтарылышы камсыз кылынган шартта суу түтүктөрүнө жана канализация тармактарына Бишкек шаарынын конуштарын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкексууканал” ӨЭБсы менен бирдикте үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  бюджет  жана  финансы  боюнча  туруктуу комиссиясына (Докенов Э. Ш.), турак-жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (Десятников П. Н.), Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри З. Т. Малабековго жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б. О. Дюшембиевге жана Э. К. Исаковго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                       А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь  2015-жыл, №166