Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН

ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-июнундагы

№75 “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” токтому  менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

         Бишкек шаардык кеңештин токтомун Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын  30-июнундагы №75 “Бишкек шаарынын  жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” токтому  менен бекитилген “Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары жөнүндө” жобого (мындан ары-жобо) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жобонун 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“7. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” (“За заслуги перед городом Бишкек”) орденин же “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” (За безупречную службу городу Бишкек”) медалын тапшырууда сыйлануучу субъектке кошумча эстелик белек тапшырыша алат.”;

жобонун 13-пунктундагы “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин биргелешкен чечими” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын чечими” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жобонун 14-пунктундагы “Бишкек шаарынын мэри” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жобонун 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“28. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” ардактуу наамын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктарын ыйгарууга келип түшүүчү документтер Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссия тарабынан каралат.”;

жобонун 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“29. Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен комиссиянын жеке курамы Бишкек шаардык кеңештин төрагасынан, төраганын орун басарынан, фракциялардын лидерлеринен, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынан, социалдык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэринен, Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинен түзүлөт.”;

жобонун 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“30. Комиссиянын төрагасы болуп Бишкек шаардык кеңештин төрагасы саналат. Комиссиянын катчысы болуп Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси саналат.”;

жобонун 31-пунктундагы “анын курамына кирбеген” деген сөздөр алынып салынсын;

жобонун 32-пунктундагы “Бишкек шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын биргелешкен токтому менен” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.”;

жобонун 41-пунктундагы “комиссиянын катчысында болот” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеште белгиленген тартипте түзүлөт, жол-жоболоштурулат жана Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивине өткөрүлүп берилгенге чейин сакталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

жобонун 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“42. Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары менен сыйлоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, Бишкек шаарынын мэри, ошондой эле, алардын тапшыруусу боюнча башка кызмат адамдары тарабынан сыйлануучунун өзүнө 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана Шаар күнүнө карата  салтанаттуу түрдө  жүзөгө ашырылат.”;

жобонун 43-пунктундагы “Бишкек шаарынын мэриясы” деген сөздөр “Бишкек шаардык кеңеш тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;

жобонун 44-пунктундагы “төш белгилер” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даярдалат жана” деген сөздөр менен толукталсын.

2.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

3.    Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча  туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                           А. М. Кененбаев

Бишкек ш.,

8-декабрь 2015-жыл,  № 160