Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык  кеңештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана

сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча

кызматтарга тарифтерди  бекитүү  жөнүндө

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

Суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүүнүн (канализация) шаардык системасын ишенимдүү эксплуатациялоо, соркыскыч-энергетикалык жабдыгын модернизациялоо, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоо, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз  жеткирүү, агындыларды кабыл алуу жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 “Кыргыз Республикасынын  2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясына тарифтердин жогорулоосун эске алуу менен,  Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2015-жылдын 1-июлунан баштап Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

 2. Бишкек шаардык кеңештин 2010-жылдын 20-февралындагы №159  “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

 3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин  турак  жай коммуналдык  чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А. С. Омурбековага  жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

                  кеңештин төрагасы                                                  М. А.  Аманкулов

Бишкек ш.,

29-июнь 2015-жыл,  № 146  

                                                                 Бишкек шаардык кеңештин

                                                                 2015-жылдын “29”  июнундагы

                                                                 № 146  токтомуна тиркеме

Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга

тарифтер

Керектөөчүлөрдүн аталышы

Суу менен жабдуу –ичүүчү суу жеткирүү, сом  (1 куб/м үчүн) салыксыз

Суу бөлүштүрүү (канализация) -  агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом (1 куб/м үчүн) салыксыз

Калк

   5, 38

       1, 20

 

Бюджеттик уюмдар

   7, 38

       2, 10

 

Ишканалар, анын ичинде, ЖЭБ

 

   9, 15

 

       4, 02

 

Бишкек шаардык кеңештин

аппарат жетекчиси                                                   Э. А. Нурдавлетов