Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин

ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын ички иштер башкы

башкармалыгынын  жол-кайгуул

кызматынын отчёту жөнүндө

         Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын  жол-кайгуул кызматынын (мындан ары-Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсы) начальниги З. М. Джанабаеванын отчётун угуп жана талкуулап чыгып,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын начальниги  З. М. Джанабаеванын отчёту эске алынсын.

 

2. Бишкек шаарынын  ИИББ  ЖККсынын иши жетишсиз деп табылсын.

 

3. Бишкек шаарынын  ИИББ  ЖККсы (З. М. Джанабаева) Кыргыз Республикасынын  мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

Бишкек шаарынын  ИИББ  ЖККсынын эффективдүү ишин камсыз кылсын;

Бишкек шаарындагы кыймылдардын абдан коркунучтуу участокторун табуу боюнча ишти дайыма жүргүзсүн жана табылган тартип бузууларды четтетүү үчүн чара көрсүн;

Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын кызматкерлери тарабынан шаардын жолдорунда кызмат өтөөгө карата коюлуучу талаптардын аткарылышын камсыз кылсын;

кызмат өтөө убагында Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын кызматкерлеринин жүрүм-турум эрежелери жөнүндө маалыматты шаардыктарга жеткирсин;

Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын иши жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Бишкек шаарынын  ИИББнын расмий сайтына жайгаштырсын;

Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңешинин ишине Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылсын.

4. Бишкек шаарынын мэриясы 2015-жылдын 1-октябрына чейин Бишкек шаарынын  ИИББ ЖККсынын отчётун Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна берсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелери жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (Лисниченко В. М.) жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл,  №120