Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

2015-жылга Бишкек шаарынын

бюджетин бекитүү жана 2016-2017-

жылдарга болжолу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. 2015-жылга карата кирешелер жана чыгашалар  боюнча Бишкек шаарынын бюджети 7 681 292,7 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:

         -  4 970 047,0 миң сом       -  шаардык бюджет;

         -  678 005,7 миң сом           -  Ленин районунун бюджети;

         -  699 534,2 миң сом           -  Октябрь районунун бюджети;

         -  621 626,3 миң сом           -  Биринчи май районунун бюджети;

         -  712 079,5 миң сом           -  Свердлов районунун бюджети.

         2. 2016-2017-жылдарга карата Бишкек шаарынын бюджетинин негизги  параметрлеринин болжолу жактырылсын:

         1) кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 2016-жылга карата  -  8 368 120,5 миң сом суммасында, 2017-жылга карата – 9 108 515,4 миң сом суммасында.

2) 2016-2017-жылдарга карата жактырылган шаардын бюджетинин  болжолдук параметрлери  ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда  такталууга тийиш.

            3. Бишкек шаарынын 2015-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу 1, 1-1, 1-2, 1-3- тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.

4. 2015-жылга карата шаардын бюджетинин жана 2016-2017-жылдарга карата болжолунун чыгашаларын каржылоого карата каражаттар 2, 2-1- тиркемелерге ылайык белгиленсин.

            5. 2015-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча чыгашаларды (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул, стипендиялар)  жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо жүргүзүлөт.

         1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн.

         2) Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын  максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана  муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

         6. 2014-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар2015-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.

            7. Бишкек шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2015-жылдын 1-январына карата 600,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде шаардык бюджет боюнча 200,0 миң сом жана райондук бюджеттер боюнча 100,0 миң сомдон суммада бекитилсин.

            8. 2015-жылга карата салык агентти тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы, жер астындагы кендерди пайдалангандык үчүн салык (роялти),  сатуудан алынган салык, патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык, мүлк обьекттерине карата салык, жер салыгы, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдар боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн төмөндөгүдөй ченемдери бекитилсин:

            -  Ленин районуна - 25,8%;  

          -  Октябрь районуна - 33,6%;        

         -  Биринчи май районуна - 13,1%;

         -  Свердлов районуна - 28,4%;

            - юстиция органдары тарабынан алынган мамлекеттик алымдар, администрациялык укук бузуулар үчүн мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып акылар, ар кандай салыктар жана чогултуулар, жер жана мүлктү ижаралоо үчүн акы төлөө, Бишкек шаарынын ЭЭАсынан алынган салык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетке.

            9.Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммадан ашык түшүүчү кирешелери толук бойдон тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

10. Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казначылык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Бул көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине алынат.

11. Бюджеттик уюмдар жана муниципалдык ишканалар тарабынан максаттык дайындалышынан башкага пайдаланылган шаардын бюджетинин каражаттары тийиштүү бюджеттерге кайтарып алынууга жатат.

12.    Шаардын бюджетинен каржыланган мекемелер үчүн 2015-жылга карата төмөндөгүлөр белгиленсин:

         1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларына окуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке  ай сайын 2800 сомго чейинки үстөк акы (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100 дөн 600 чейин -1000 сом, 600дөн 1200 чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800 чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом);

         2) балдар музыкалык мектебинин жаш адистерине ай сайын 500 сом  үстөк акы;

            3) карылар үйүнүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун, “Коломто” муниципалдык мекемесинин жана “Ардагер” пансионунун, Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлерине ай сайын 1 кызматкерге 1650 сом эсебинде эмгек акысына үстөк акы;

            4) Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде үстөк акы;

            5) Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгынын үйлөмө аспап, симфониялык оркестрлеринин, элдик аспаптар оркестринин, “Семетей”, “Доор”, “Сувенир” ансамблдеринин жана “Кыргыз руху” фольклордук ансамблинин, “Акак” комузчулар ансамблинин кызматкерлерине жана Бишкек шаардык драмтеатрынын негизги жана инженердик-техникалык персоналынын айлык акыларына ай сайын 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде үстөк акы;

            6) билим берүү жана маданият мекемелеринин борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине эмгек акыларына ай сайын 2000 сомдон үстөк акы;

            7) шаардык маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

            - мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилерине 1000 сомдон;

            - шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн жетекчилерине 2750 сомдон;

            - шаардык каржы башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн, Бишкек шаары боюнча МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн, Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин, Материалдарды сактоо кызматынын кызматкерлерине 2000 сомдон;

             - шаардык бюджеттен каржыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине, мэриянын, шаардык кеңештин башка кызматкерлерине, башкаруу органын тейлеген айдоочуларына 4000 сомдон;

         - муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлерине 3000 сомдон;

            8) райондук маанидеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы төлөнсүн:

         - административдик райондордун жетекчилерине 1000 сомдон;

         - райондук билим берүү борборлорунун, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын аппараттарынын кызматкерлерине жана администрациялардын башка кызматкерлерине 3000 сомдон;

         - каржы органдарынын, казыначылыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн, МСКБнын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине 1500 сомдон;

            9) райондук аскер комиссариаттарынын кенже тейлөөчү, техникалык жана аскердик-учеттук персоналдарынын эмгек акыларына ай сайын 500 сомдон үстөк акы;

            10) билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт уюмдарынын кызматкерлеринин жана Бишкек шаарынын мэриясынын базарлар, автотоктотмолор жана авто коюу жайлар дирекциясынын кенже тейлөө персоналдарына 1 кызматкерге 1000 сомдон эсебинде ай сайын үстөк акы;

            11) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайын төмөндөгүдөй үстөк акы:

            - врачтарга, орто жана башка персоналдарга 1 ставкага 1000 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1000 сомдон ашпаган суммада;

         - кенже медициналык персоналга бир ставкага 1500 сом эсебинде, бирок бир кызматкерге 1500 сомдон ашпаган суммада;

         - 2015-жылдын 1-майынан тартып медициналык тез жардам станциясынын сутка бою иштеген оперативдүү бѳлүмүнүн кызматкерлерине, врачтарына, фельдшерлерине жана чакырууга чыгуу бригадасынын санитарларына 1 кызматкерге 2500 сом эсебинде;

            12) Билим берүү башкармалыгынын медициналык-педагогдук комиссияларынын методисттерине 1 кызматкерге 1500 сом эсебинде ай сайын үстөк акы;

         13) медициналык тез жардам автомашиналарынын айдоочуларынын эмгек акыларына 1 кызматкерге 2000 сом эсебинде ай сайын үстөк акы.

            13. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен тамактандырууга карата төмөндөгү ченемдер белгиленсин:

            1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

         - 3 жашка чейинки балдар үчүн - 29,00 сом;

         - 3 төн 7 жашка чейинки балдар үчүн - 30,00 сом;

         2) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында - 57,00 сом;

         3) кургак учук менен ооруган балдар үчүн бала бакчада - 95,00 сом;

         4) жалпы билим берүү уюмдарында 5-7-класстардагы жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн - 14,00 сом;

         5) жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын балдары үчүн - 14,00 сом;

         6) акыл-эс жана дене-бой өсүшүндө кемчиликтери бар балдар үчүн жалпы билим берүү мектептеринде - 14,00 сом;

         7) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда жана Октябрь районунун №71 орто мектеп интернатында интернаттык топтордо - 110,00 сом;

         8) №1 гимназия-интернатында - 110 сом;

         9) адистештирилген балдар үйүндө - 105,00 сом;

         10) Шаардык перинаталдык борбордун жаңы төрөлгөндөр үчүн бөлүмүндө - 15 тен 25,00 сомго чейин;

         11) шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жаңы төрөлгөн балдардын патология бөлүмүндө бала эмизген энелер жана 1 жашка чейинки балдар үчүн - 30,00 сомдон;

         12) шаардын стационардык уюмдарында - 60,00 сом;

         13) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде - 105,00 сом;

         14) ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунда - 35,00 сом;

         15) жатып калган оорулууларды ысык тамактандыруу үчүн - 60,00 сом;

         16) туруктуу жашаган орду жок жактарды тамактандырууга - 35,00 сом;

         17) мектеп алдындагы лагерлердеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын тамактандырууга - 44,00 сом.

            14. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынуучу медикаменттерге карата төмөндөгүдөй бир күндүк ченемдер белгиленсин:

1) стационардык кургак учукка каршы мекемелерде 45,00 сомго чейин;

2) №1 жана №2 балдардын кургак учук мекемелеринде 35,00 сомго чейин;

         3) Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 6,00 сомго чейин;

            4) Бишкектеги травматалогия жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия жана травматология бөлүмүндө 14,00 сомго чейин;

            5) стационардык уюмдарда бир орун үчүн:

         - терапевтикалык профилде 5,00 сомго чейин;

         - хирургиялык, реанимациялыктарда 10,00 сомго чейин;

         - гинекологиялык профилде 5,00 сомго чейин;

6) адистештирилген балдар үйүндө 8,00 сомго чейин;

7) шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жана Медициналык - консультациялык кызматтар жана спорттук медицина борборунун травматологиялык пункттарында бир врачтык катышуучуга (мындан ары – 1 в/к) 6,00 сомго чейин;

8) Студенттер бейтапканасында 1 в/к 1,50 сомго чейин;

9) Медициналык - консультациялык  кызматтар жана спорттук медицина  борборунун спорттук медицина бөлүмүндө 1 в/к 5,00 сомго чейин;

10) Шаардык эндокринологиялык диспансерде 1 в/к 3,00 сомго чейин;

11) Үй-бүлөлүк медицина борборунда 1в/к 0,25 сомго чейин;

         12) Медициналык тез жардам станциясында бир чакырууга 20,00 сом;

            13) стоматологиялык бейтапканаларда бир шарттуу эмгек бирдигине (шэб) 0,50 сом;

14) стоматологиялык бейтапканаларга караштуу балдар ортодонтия бөлүмүндө 1 в/к 4,00 сомго чейин;

15) Балдардын социалдык адаптациялоо борборунда, Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборунда, Свердлов районунун кароосуз балдар үчүн приютунда 2,00 сомго чейин;

16) ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн шаардык реабилитациялык борборунда 0,55 сомго чейин;

17) туруктуу жашаган орду жок жактар үчүн мекемелерде 6,50 сомго чейин.

15.2015-жылга карата жарандардын турак жай–коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө карата өздүк чыгымынын жол берилген эң четки үлүшү 10% өлчөмүндө белгиленсин.

16. 2015-жылга карата төмөндөгү чыгашалар бекитилсин:

1) мектепке чейинки балдар уюмдарында кыргыз тил мугалиминин бир ставкасын күтүүгө;

2) жалпы билим берүү уюмдарында башталгыч аскердик даярдык боюнча жетекчинин бир ставкасын күтүүгө;

            3) Медициналык тез жардам станциясында үч жыл иштегендиги боюнча “медициналык кызматкердин депозитине” карата 40,0 штаттык бирдигине бир врачка айына 6000 сом эсебинде жана бир орто медициналык кызматкерге ай сайын 5000 сом;

         4) Биринчи май районунун “Коломто” муниципалдык мекемесин күтүүгө;

         5) Ленин, Октябрь жана Свердлов райондору боюнча 3 кечки жалпы билим берүү мектебин күтүүгө;

            6) SOS – Герман Гмайнер орто мектебинин, SOS – Бишкек шаарынын балдар айылы бала бакчасынын чыгымдарын төлөөгө;

            7) менчик – мамлекеттик еврей мектебинин коммуналдык кызматтары үчүн чыгымдарын төлөөгө;

         8) “Сезим” кризистик борборунун коммуналдык кызматтары үчүн  чыгымдарын төлөөгө;

            9) Бишкек шаарынын Согуштун, эмгектин, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук оргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин чыгымдарын төлөөгө;

            10) Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборун күтүүгө карата;

            11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 “Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген билим берүү мекемелеринин типтүү штаттарында каралбаган, 3-тиркемеге ылайык 511,05 санындагы штаттык бирдик кызматтарды күтүүгө;

            12) анык аскердик кызматка чакыруу жана жөнөтүү мезгилинде Республикалык топтоо пунктунун ишин камсыздоого;

            13) Бишкек шаарын жана жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле шаардык жана аймактык маанидеги обьекттерди (социалдык, коомдук, коммуналдык, инженердик инфраструктарлар,  тургундардын жалпы үлүштүк менчиктерин)  түзүүгө, өнүктүрүүгө, калыбына келтирүүгө жана реабилитациялоого жана жамааттардын өз алдынча башкаруусунун ар түрдүү формаларын өнүктүрүүгө, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жана коммуналдык жана башка жашоо тиричилик маселелерин өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган стимулдаштыруучу (үлүштүк) гранттарды берүүгө;

         14) 2015-жылдын 1-февралына чейин Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын консультанттарын күтүүгө;

         15) Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде “Жаш мугалим депозити” программасын ишке ашырууга.

            17. Кварталдык, үй комитеттеринин, аксакалдар сотунун төрагалары, үй алдындагы аймакты тазалоочулар жана ирригация тармактарынын мурап-техниктери үчүн келишимдик негизде № 4 тиркемеге ылайык акы төлөө белгиленсин.

            18. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө келишимдик негизде квартал сайын 250 сомдон акы төлөө белгиленсин.

            19. “Алга-Бишкек” Футбол клубу” муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине 5-тиркемеге ылайык кызматтык эмгек акылары белгиленсин.

            20. “Алга-Бишкек” Футбол клубу” муниципалдык мекемесинин футболчуларына ай сайын 10 000 сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин.

            21. Кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн үстөк акы эсептөөдө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген кошумча акылар эсепке алынбастыгы белгиленсин.

            22. 2014-жылы чыгашалардан ашкан кирешенин эсебинен түшкөн  17 747,3 миң сом сумманы 6-тиркемеге ылайык багыттоого уруксат берилсин.

23. 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан капиталдык салымдардын тизмеги 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

24. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аппараттардын, өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен кызматтык эмгек акыларын жана аларга үстөк акыларды белгилөө жана сыйлык акы берүү укугу Бишкек шаарынын мэринде сакталсын.

            25. Бишкек шаарынын мэриясына:

            а) шаардын бюджетине кошумча каражаттарды тартуу үчүн зарылдыкка жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартиби жөнүндө Жобого” ылайык муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүргүзүүгө уруксат берилсин;

         б) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жөнгө салуучу документтерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизсин;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан бекитилген баланстык формалар боюнча баланстык активдерди баланс боюнча кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын баланстык комиссиясы түзүлсүн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына маалымат берсин;

г) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык 2016-2018-жылдарга Бишкек шаарынын киреше бөлүгүнүн долбоорун макулдашуу үчүн 2015-жылдын 1-июлуна чейин Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин;

д) Бишкек шаардык мамлекеттик архивин каржылоону республикалык бюджетке өткөрүп берүү маселеси боюнча ишти жүргүзсүн;

е) Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаментинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын тутумунда саламаттык сактоо мекемелеринин ортосунда каражаттарды бирдей бөлүштүрүүнү камсыздоо боюнча ишти жүргүзсүн;

ж) иш-чаралар планын, ишкананын өндүрүштүк программасын жана жөнгө салуучу документтерди кийин бекитүү менен “Суу чарба” участогун өзүнчө түзүм катары “Бишкек шаарынын Жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын курамынан чыгаруу боюнча ишти жүргүзсүн;

з) түзүмдүк бөлүмчөлөрдү жоюунун жана реорганизациялоонун жүрүшүндө бошотулган муниципалдык имараттарды жана жайларды которуштурууну Бишкек шаардык кеңештин макулдугу менен жүргүзсүн.

            26. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасы М. А. Аманкуловго жана Бишкек шаарынын мэри К. К. Кулматовго жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл, № 118 

Тиркемелер