Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

12-июнундагы № 316 “Бишкек шаарынын

жарды жана жеңилдик алууга укугу бар

тургундарын  социалдык колдоо жөнүндө”

токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын

жарды жана жеңилдик алууга укугу бар

тургундарына даректүү социалдык жардам берүү

тартиби жөнүндө”  жобого өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча, Улуу Ата Мекендик Согуш жылдары оруктагы күжүрмөн эмгеги жана каармандык менен өтөгөн  аскердик кызматы үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланган Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин, оруктун эмгекчилеринин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында жана 1941-1945- жылдардагы Улуу Ата Мекендик Согуштагы  Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого карата, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316            “Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын  социалдык колдоо жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын жарды жана  жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

         - III бөлүмдүн 13-пункту төмөндөгү мазмунда “г” кичи пункту менен толукталсын: “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта жан аябай кылган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйлангандарга, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеп, "За оборону Ленинграда" медалы, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйлангандарга, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткунда болгондорго,Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө - 2015-жылдын 1-майынан тартып ай сайын - 1000 сом (өмүр бою);

- IIIбөлүмдүн 14-пунктунун “в” кичи пункту алынсын.

         2.  Бишкек шаарынын мэриясы  (К. К. Кулматов) 2015-жылга  шаардын бюджетинин долбоорун  киргизүүдө   бул токтомду ишке ашыруу боюнча  финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы мыйзамдарына ылайык  карасын.

         3.  Ушул токтом  каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын  ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев), Бишкек шаарынын  биринчи вице-мэри  З.Т.Малабековго жана Бишкек шаарынын  вице-мэри  А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кенештин төрагасы                                                  М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

29-апрель 2015-жыл, №115