Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

“Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш”

муниципалдык ишканасынын иши

жөнүндө

         Шаардык айлана - чөйрөсүн жакшыртуу, Бишкек шаарынын жашыл фондун сактоо,  шаардык ирригациялык тутумду жакшыртуу жана өнүктүрүү, сапаттуу отургузулуучу материалдарды өстүрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын иши жөнүндө” маалыматы эске алынсын.        

        

 2.  Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” Муниципалдык ишканасынын (мындан ары - “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИси) ишине контролду күчөтсүн.

        

3. “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИсинин  начальниги А. М. Атантаевдин “Бишкек шаарынын  жашылдандыруу курулуш” МИсинин сейил бактарындагы башкы агрономдун,  райондук агрономдордун, участоктордун устаттарынын жана участок начальниктеринин жүргүзгөн иши, функционалдык милдеттери үчүн  начар контролу белгиленсин.     

        

4. Бишкек шаарынын вице-мэри М. Н. Саккараев, “Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш” МИси (А. М. Атантаев), Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутуму башкармалыгы (Н. К. Касымов),  Бишкек шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчик башкармалыгы (А. М. Омуралиев), Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы (К. А. Ажекбаров):

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуикациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү, 2015-жылы өз убагында жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу берүү, Муниципалдык аймактык башкаруулар менен өз ара аракеттенүү жана  райондук агрономдордун, “Бишкек шарынын жашылдандыруу курулуш” МИсинин участок устаттарынын жана райондук МАБдардын  кол коюусу менен ичүүчү сууну берүү убагы жөнүндө МАБдардын графигин жана белгисин камтыган документти иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизсин;

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сапаттуу кызматтарды алуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, Бишкек шаарынын бак-дарактарын отургузуу боюнча болжолдуу  эскиздик долбоорду иштеп чыгуу  жана  гүлдөрдү отургузууга  жана башка иштерге жеке компанияларды тартуу жана башка маселелер үчүн тендердик процесстерди өткөрүү жөнүндө маселени  карап чыксын;

         - өсүмдүктөрдүн  бардык түрлөрү боюнча Бишкек шаарынын бак-дарактарын инвентаризациялоону жүргүзсүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен бак-дарактарды кесүүнү  макулдашсын;

         - Бишкек шаарынын сейил бактарын, көк майсаңдарын, эс алуу зоналарын, жээк жолдорун, көчөлөрүн, аянттарын реконструкциялоо жана капиталдык жашылдандыруу боюнча Программа иштеп чыксын;

        

5. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 14-апрелиндеги №154-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын алкагында Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 18-февралындагы “Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан коллектордук-дренаждык тармактардын иштөөсүн жана күтүлүүсүн камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, магистралдык каналдарды капиталдык ремонттоо, шаардык ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү жана кеңейтүү, дренаждык тармактарды, скважиналарды жана сугаруучу суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча программаны иштеп чыксын, программада  көрсөтүлгөндөрдү ишке ашырууну жана каржылоону камсыз кылсын.

         6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П. Н. Десятников) жана Бишкек шаарынын   вице-мэри М. Н. Саккараевге   жүктөлсүн.

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

14-октябрь 2014-жыл, №99