Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 27-июнундагы N 330

"Бишкек шаарынын балдар спорт-оюн аянтчаларын

муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө"

токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 27-июнундагы N 330 "Бишкек шаарынын балдар спорт-оюн аянтчаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомунунаткарылышынын жүрүшү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 27-июнундагы N 330 "Бишкек шаарынын балдар спорт-оюн аянтчаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомунунаткарылышынын жүрүшү жөнүндө" маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

а) балдар спорт-оюн аянтчаларына тийиштүү документтерди жол-жоболоштурууда жана аларды күтүүдө шаардык кеңештин токтомун аткаруу үчүн жооптуу кызматтардын жетекчилерине карата чара көрсүн;

б) 2014-жылга Бишкек шаарынын бюджетинде төмөнкүлөргө акча каражатын карап чыксын:

балдар спорт-оюн аянтчаларын күтүүгө, ремонттоого жана реконструкциялоого;

азыркы турган жана жаңы коюлган балдар спорт-оюн аянтчаларына укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоштурууга.

3. Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы (Абдиев Б.А.) балдар спорт-оюн аянтчалардын арналышын өзгөртүүгө тыюу салсын.

4. Укук коргоо органдары балдар спорт-оюн аянтчалары жайгашкан жер участокторуна курулуш курууга уруксат берген жооптуу жактарды табуу боюнча ишти жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аларга карата катуу чара көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Айсаев) жана Бишкек шаарынын вице-мэрлери Б.О.Дюшембиевге, А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов

Бишкек ш.,

19-ноябрь  2013-жыл, №46