Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын

28-декабрындагы  №4 “Туруктуу комиссиялардын

курамын түзүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине

өзгөртүүлөрдү   киргизүү жөнүндө

 

         Бишкек шаардык кеңештин регламентинин 5-главасын жетекчиликке алып, “КСДП” фракциясынын жетекчиси А. М. Кененбаевдин катына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Эльвира Кубанычбековна Сариева Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
  2.   “Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы” фракциясынын мүчөсү – Адиса Асановна Имангазиева Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
  3. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын  28 - декабрындагы  №4 “Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын түзүү жөнүндө” токтомунун 5 - тиркемесинин 5 - сабындагы “Эльвира Кубанычбековна Сариева” деген сөздөр “Адиса Асановна Имангазиева” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрага                                                                            М. А. Аманкулов

Бишкек ш.,

25-июнь  2014-жыл, №86