Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаардык кеңештин аппаратындагы төмөнкү бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт:

Туруктуу комиссиялар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси  (С-Б) -                1 бирдик.

Кесиптик билим деңгээли:

- жогорку (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык, экономикалык, техникалык, гуманитардык, филологиялык) билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;
  2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  3. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  4. “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик  ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  5. “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
  6. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 28-декабрындагы №2 токтому менен бекитилген Бишкек шаардык кеңештин регламентин;
  7. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү зарыл.

Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды  (Windows, Word, Excel, “Токтом Мамлекет Про” маалыматтык-укуктук системаны) колдоно билүү.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз;
  • 3-4  өлчөмүндөгү сүрөт менен кадр учету боюнча өздүк барак жана таржымал;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража, илимий наам ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү;
  • нотариус же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтар тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын аныктаган документтин түпнускасы, конкурска документтерди берүүдө, тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • мурунку иштеген жеринен сунуш кат.

Конкурс боюнча маалыматты Бишкек шаардык кеңештин сайтынан www.gorkenesh.kg  жана  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан www.mkk.gov.kg дагы таба аласыздар.

Документтер 2019-жылдын 11-июнунан тартып 24-июнун кошуп алганга чейин (дем алыш күндөрүнөн тышкары), саат 9.00дөн 18.00гө чейин  (тыныгуу убактысы 12.00дон 13.00го чейин) Бишкек шаары, Чүй проспектиси 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңеште №214 кабинетте  кабыл алынат. Сурап билүү телефону 62-26-27.

Эскертүү: Конкурска мындан ары катышуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүүсү зарыл.