Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Ленин районунун айымдарын куттуктоо салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Асылзат айымдарды шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, депутаттар Эрмек Усубалиев, Алмазбек Уланов, вице-мэр Геннадий Милицкий жана райондун башчысы Нурдин Тынаев куттукташты.

Филармониянын сахнасынан айымдардын дарегине көп жылуу сөздөр айтылды.

“Сиздер дүйнөнү сулуулук жана жашоонун энергиясы менен толтуруп, назиктигиңер жана ички тазалыгыңар менен жылытып, жайлуулуктун жана шайкештиктин атмосферасын жаратасыздар.

Сиздерге чексиз чыдамкайлыгыңыздар жана кең пейилдигиңиздер үчүн, ошондой эле биздин жашоону өзгөчө маани менен толтуруучу - үй-бүлөгө жасаган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет!”-деп белгиледи Алмаз Кененбаев.

Салтанат кыргыз эстрада жылдыздары жана бий топторунун катышуусундагы майрамдык концерт менен аяктады.