Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо үчүн Бишкек шаардык кеңештин, мэриянын, прокуратуранын, ИИББнын, УКМКнын, ЖАМКнын, сот депатаментинин, финансы полициясынын жана башка органдардын өкүлдөрү келишти.

Шаардык кеңештин спикери сот коомдоштугунун өкүлдөрүн куттуктоо сөзүндө сот системасынын мамлекеттин ишиндеги, адам укугун сактоодогу ролуна токтолду.

“Сиздердин иштин негизги принциптери – мыйзамдарды так сактоо, өз алдынчалык жана милдетке берилгендик болгондуктан, Сиздердин алдыңыздарда турган маселелер ар бириңиздерден терең билимди, ишбилгиликти, мыкты жеке сапаттарды талап кылат.

Кесиптик майрамыңыздардын күнү Сиздерге чыдамкайлыкты жана Мыйзамга кызмат кылуудагы улуу ишиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайм! Бекем ден-соолук, тынчтык, бакыт жана бакубатчылык болсун!”-деди Алмаз Кененбаев.

Шаардык соттун бир катар кызматкерине Бишкек  шаардык кеңештин сыйлыктары тапшырылды.