Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна  Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрү: ТЖКЧ башкармалыгы, КМККБсы, Капиталдык курулуш башкармалыгы, ИИМдин ПМББсынын МЭАБсы, “Бишкексууканал” ӨЭБсы жана “185” кызматынын 2018-жылга бюджеттеринин долбоорлоруна тиешелүү болгон 6 маселе киргизилген.

 

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Омурзаковдун РӨЕБнын кредитинин жана грантынын эсебинен алынуучу жаңы троллейбустарды алып келүү боюнча  маалыматын угушту.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын директорунун айтуусу боюнча, графикке ылайык, 15 сандагы  орто полдуу троллейбустардын биринчи тобун Россия Федерациясынан үстүдөгү жылдын 21-мартына чейин алып келүү пландалууда. Камсыздоочу – “Тролза Маркет”АКБсы. 22  сандагы  экинчи топ Бишкекке 16-майда келмекчи.

4-майда жана 8-июнда Беларусь Республикасынын “Белкоммунмаш” ААКсы 15 жапыз полдуу троллейбус жөнөтмөкчү.

Жапыз полдуу бир троллейбустун наркы – 168000 еврону, орто полдуу троллейбустун наркы – 122000 еврону түзөт.

Жыйынтыгында троллейбустук парк 52 троллейбус менен толукталмакчы. Ушуга байланыштуу мурда каттаган №2, 6, 15 үч маршрут жандандырылмакчы. Маршруттардын  жүрүү  схемасы жүргүнчүлөрдүн агымын эске алуу менен иштелип чыгууда.

Учурда Бишкек троллейбус башкармалыгында 131 троллейбус бар, анын 127 – жүргүнчү ташуучу, 3  – окуу, 1 – жүк ташуучу. Күн сайын линияга 100-110 троллейбус чыгууда.