Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 26-сентябрынан 3-октябры саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.
2025-жылдын 29-сентябрында, саат 9-00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы болот.
Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 7-октябрына саат 09-00 го белгиледи.
Урматтуу шаарыбыздын туугундары жана меймандары, сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилден куттуктайм!
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 5-сентябры саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл

Жаңылыктар

2025-жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсеналиев баштаган делегация Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Александр Николаевич Бельскийдин расмий чакыруусу менен Санкт-Петербург шаарында болду.

16.07.2025

2025-жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсеналиев баштаган делегация Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Александр Николаевич Бельскийдин расмий чакыруусу менен Санкт-Петербург шаарында болду. Иш сапардын алкагында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, анда шаарды башкаруу, санариптештирүү, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү, ошондой эле муниципалитеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Транспорттук курулуш дирекциясы" Санкт-Петербург мамлекеттик мекемеси, анда жол-транспорт тармагын өнүктүрүү жана ири шаардык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды жана Санкт-Петербург паркинг башкаруу борбору, анда делегация унаа токтотуучу жайларды санариптик жөнгө салуу механизмдери жана башкаруу системалары менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгы конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана эки борбордун тургундарынын жыргалчылыгы үчүн демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкчылыкты ырастады.

2025-жылдын 1-июлунда Бишкек шаардык кеңешинде Сеул шаардык кеңешинин Айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча комитетинин расмий делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

01.07.2025

2025-жылдын 1-июлунда Бишкек шаардык кеңешинде Сеул шаардык кеңешинин Айлана-чөйрө жана суу ресурстары боюнча комитетинин расмий делегациясы менен жолугушуу болуп өттү. Делегацияны Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев баштаган депутаттар, фракциялардын жана туруктуу комиссиялардын өкүлдөрү тосуп алышты. Жолугушуу учурунда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу жана глобалдык табигый көйгөйлөр боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Ошондой эле делегация Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте Кыргыз Республикасы менен Түштүк Корея Республикасынын Достук паркынын аймагына барып, достуктун символу катары бак отургузушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдиришип, муниципалитеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүштү. Бишкек шаарына келген конокторго ыраазычылык айтылып, достук байланыштар мындан ары да чыңдаларын айтып өтүштү.

2025-жылдын 25-июнунда XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы болуп өттү.

26.06.2025

2025-жылдын 25-июнунда XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы болуп өттү. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталышта орун басары болуп “Эмгек” фракциясынан депутат Эльмир Акуналыевич Досалиев шайланды. Мындан сырткары, күн тартибине ылайык маселелер каралып, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдору кабыл алынды. Анын ичинде, «Таза асман - 2030» концепциясы, “2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун чектери бекитилди.

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 25-июнуна саат 09-00 го белгиледи

20.06.2025

Президиум Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын күнүн жана убактысын 2025-жылдын 25-июнуна саат 09-00 го белгиледи. Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышышты. Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

БШКнын токтомдору